Кыргызстанда апрель айынан бери катталган селден 170 млн сомдон ашык зыян келтирилди
RU

Кыргызстанда апрель айынан бери катталган селден 170 млн сомдон ашык зыян келтирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен келип чыккан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришти.

Бообек Ажыкеевдин айтымында, ушул жылдын 20-апрелинен 1-июлуна чейин 236 сел катталып, андан келтирилген чыгым 170 миллион сомдон ашты.

Транспорт жана коммуникациялар министри селдин кесепетинен бир нече чакырым жол, ошондой эле 9 көпүрө бузулуп, анын бири толугу менен талкаланганын билдирди.

Акылбек Жапаров алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана мүмкүн болуучу сел коркунучтарына даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кооптуу аймактарга мониторингди жана көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

Мындан тышкары селдин алдын алуу боюнча конкреттүү иш-чаралар, анын ичинде коргоочу курулмаларды куруу, дарыялардын жээктерин бекемдөө, мониторинг системаларын орнотуу жана эрте эскертүү маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы селден келип чыккан окуяларда жана өзгөчө кырдаалдар учурунда коопсуздук чаралары тууралуу калкка маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жарандардын өмүрүнүн коопсуздугу жана бакубаттуулугу аткарылган иштердин сапатынан көз каранды экенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16524