Соцтармактарда журналисттерди, активисттерди жана бейөкмөт уюмдарды коркутуп жатышат
RU

Соцтармактарда журналисттерди, активисттерди жана бейөкмөт уюмдарды коркутуп жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгисиз адамдар спорт залдын фонуна туруп алып, ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүн жана гендердик теңчиликти колдогон адамдарга карата чара көрө тургандыгын айтып, видео тартышкан. Ал социалдык тармактарга таркатылган. Азырынча, бул видео качан жана кайсы жерде тартылганы белгисиз, бирок жакында эле тарай баштаганы маалым.

Болжол менен бул 8-мартта өткөн тынчтык маршына карата жасалган реакция. Маршка катышкандар аялдардын укугун коргоп чыгышкан.

Белгилей кетсек, 2020-жылы 8-мартта, Бишкекте тилектештик маршы учурунда белгисиз эркектер акцияны үзгүлтүккө учуратып, провокация уюштурушкан. Маршка чыккан айымдардын пикири боюнча, алар алдын ала милиция менен макулдашкан. Акция учурунда 50гө чукул киши камакка алынып, катышуучу айымдар жаракат алышкан. Кийин аларды кое беришти.

Видео чыккандан кийин, эгер Factcheck.kg порталынын журналисттери жана активист Улан Үсөйүн Ошко келе турган болсо, аларга чара көрүлөт, деген маанидеги коркутуулар айтылган. Буга "24.kg" агенттиги көңүл бурду.

24.kg белгилегендей, мындан мурун Factcheck.kg түштүк борбор шаарда фактчекинг боюнча формалдуу эмес жолугушуу боло тургандыгын анонс жасаган. Жолугушууга журналисттер Асель Сооронбаева, Ярослав Тартыков жана активист Улан Үсөйүн катышмак.

Колдонуучу Али Абдразаков (божолмолдоолор боюнча, фейк аккаунт) иш чараны өткөрүүгө тоскоол болуу керек, деген чакырык менен публикация жасаган. Комментарийлерде колдонуучулар ачык эле журналисттерди жана аларды колдогондорду коркутушкан.

Укук коргоочу органдар бул публикацияларга эч кандай комментарий беришкен жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/949