"Жар салбай эле иштеп жүрөт". Президент уулу Рустам кандай иштерди жасап жатканын айтты
RU

"Жар салбай эле иштеп жүрөт". Президент уулу Рустам кандай иштерди жасап жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров уулу Рустам учурда инвесторлорду тартуу менен алек болуп жүргөнүн "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты. Өлкө башчы мамлекеттик иштерге уулу, бир туугандары, жакындары аралашпай турганын белгилейт.

"Рустам инвесторлорду тартуу менен алек. Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жүрөт. Кудай буюрса, эмдиги жылы ачылышын кылабыз деп турабыз. Биринчи жолу аянты боюнча Орто Азияда эң чоң гольф аянтчасы болот.

Андан сырткары өлкө боюнча ар бир айылга жарыгы менен камсыз болгон футбол аянтчасын курдурам деп былтыр иш баштаган. Бүгүнкү күндө Түп, Ак-Суу райондорун бүтүрүп, Жети-Өгүзгө жетип калды. Азыр эми бир эле маалда тигил жагы Баткенден, бул жагы Ат-Башыдан баштайбыз деп турушат. Алдыдагы 5 жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбайт деп жар салбай эле, мактанбай эле иштеп жүрүшөт", - дейт президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, уулунун жасап жаткан иштери мамлекеттин иштери менен аралашпайт.

"Инвесторлор менен иштеп жатышат. Мен дайыма баарына: "Балдар, инвесторлор менен иштегиле. Өлкөгө инвесторлорду тарткыла. Тапкан пайдаңарды эч качан мамлекеттен тышка ташыбагыла. Тескерисинче, сырттан мамлекетке ташыгыла. Мына ошондо Кудайдын алдында да, кыргыз элинин алдында да жүзүңөр жарык болот", деп айтып турам", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17546