"Желекке тийбегиле!". Президенттин Instagram баракчасына массалык нааразылыктар жазылды
RU

"Желекке тийбегиле!". Президенттин Instagram баракчасына массалык нааразылыктар жазылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соңку бир нече жумада кыргызстандыктар Садыр Жапаровдун Instagram баракчасына Кыргызстандын желегин алмаштырбоо талабы менен көптөгөн комментарийлерди калтырышууда.

Белгилей кетсек, президенттин акыркы билдирүүсү ушул жылдын 4-ноябрына туура келет, ошондон бери Садыр Жапаров өз баракчасына эч нерсе жазган эмес. Ошол эле учурда президенттин акыркы билдирүүлөрүнүн астындагы комментарийлерде өлкөнүн желегин алмаштырбоо чакырыгы бар, алар жүздөгөн лайктар менен коштолууда.

Президенттен карапайым кыргызстандыктардын пикирин угууну суранышат, эгер ал чындап эле өлкөнү жакшыртууну кааласа, бул үчүн начар кадрларды алмаштыруу жана өлкөдөгү ар кандай системаларды өзгөртүү керектигин белгилешкен.

Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өлкөнүн желегине байланыштуу кайрылууларын байкайбы, жокпу белгисиз.

Эске салсак, сентябрдын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов өлкөнүн желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан. Идеяга болгон мамиле аны Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев колдогондон кийин өзгөрдү. Президент "Кудай буйруса бул вариант өтүп кетсе, мындан ары көз каранды болбой калабыз" деп желектин өзүнүн вариантын сунуштаган. Ал желекти алмаштыргандан кийин "күн нурундай өнүккөн жана эгемендүү өлкө болобуз" деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, желектин өзгөрүшү коомчулуктун сынына жана нааразычылыгын жараткан. Бирок ага карабастан 28-ноябрда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бир добуштан желекти өзгөртүүнү колдоду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15069