13 жаштагы кыз зордукталгандан кийин боюна бүтүп калган. Сот шектүүнү кое берген
RU

13 жаштагы кыз зордукталгандан кийин боюна бүтүп калган. Сот шектүүнү кое берген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда кош бойлуулугук менен аяктаган жашы жете элек кызды бир нече жолу зордуктоо боюнча иш каралды. Сот беренени жумшартып, шектүүнү кое берген. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Ош облусунун Ноокат райондук соту жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча беренени жумшактатып - "он алты жашка чыга элек балага сексуалдык мүнөздөгү иш-аракет" деп кайра квалификациялаган. Пробацияны колдонуп, соттолуучуну сот залынан бошоткон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, А.Б. аялынын 13 жаштагы сиңдисин жайкы каникул учурунда кеминде беш жолу Кулатов айылдык округунда зордуктаган. Жыйынтыгында кыздын боюна бүтүп калган. Андан соң кыз улам жаш курагына төрөй албаарын түшүнгөн дарыгерлер, көрсөтмө боюнча мажбурлап боюнан алдырууга туура келген.

Мамлекеттик айыптоочу А.Б.ны сексуалдык зомбулуктун беш эпизоду боюнча күнөөлүү деп табышын жана 17 жылга эркинен ажыратууну суранган. Бирок Ноокат районунун судьясы Чынара Ибраева КРнын Кылмыш-жаза кодексинин бир гана эпизоду "он алты жашка чыга элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" беренеси боюнча өкүм чыгарып, зомбулуктун калган төрт эпизоду боюнча толук актап койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16270