Булак: Жогорку Кеңештин депутаты Бишкектеги соода борбордун күзөтчүсүнө кол салган
RU

Булак: Жогорку Кеңештин депутаты Бишкектеги соода борбордун күзөтчүсүнө кол салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев "Азия Молл" соода борборунун күзөтчүсүнө кол салды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдирди.

Алардын айтымында, 2024-жылдын июнь айынын аягында "Азия Молл" соода борборунун унаа токтотуучу жайында уруш чыккан. Жеңил унаанын айдоочусу соода борбордон чыгып бара жатып күзөтчүнү сүзүп кете жаздаган.

"Күзөтчү ачууланып, кечирим суроону талап кылган, бирок айдоочу унаадан түшүп, ага кол салган. Кол салган адам Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, жабырлануучу укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

Журналисттин телефон чалуусуна Чыңгыз Ажибаев өзү жооп берген, бирок суроону угары менен: "Силер адашып жатасыңар" деп дароо телефонду өчүрүп салган. Ал кийинки чалууларга жооп берген жок. Редакция анын вариантын угууга даяр.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү редакциянын кайрылуусуна тогуз күндөн кийин гана жооп кайтарган. Милициядан мушташ фактысын тастыктады, бирок билдирүүдө башка инициалдар көрсөтүлгөн.

РИИБдин маалыматына караганда, 21-июнь күнү саат 15:50 чамасында 102 кызматына соода борбордун унаа токтотуучу жайында айдоочу менен соода борбордун кызматкеринин ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБи А.Ж. аттуу жаран И.Д.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылып, ал денесине залал келтиргенин билдирген. Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө жаран И.Д. арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Ошондой эле А.Ж. тарабынан тосмо арыз түшүп, ошондой эле соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Буга байланыштуу КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин негизинде тергөө кызматы тарабынан кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Эскерте кетсек, аткаминер тарабынан көрсөтүлгөн күч түзүмдөрүнө агрессивдүү мамиле биринчи жолу болуп жаткан жок. Депутат Жаныбек Абиров достору менен бирге "Вымпел" күзөтчүлөрүн сабап, бири ооруканага жаткырылган. Ал арыз жазып, милиция КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. 13-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Бишкектеги ресторандардын биринин жанынан мушташка шектелген эки адам кармалганын билдирген. 14-мартта ЖКга депутатка байланыштуу сунуш түшкөн. Бир күндөн кийин депутаттар Абировдун кол тийбестигин алып салуу маселесин жабык эшик артында талкуулап, комиссия түзүүнү чечишкен. 15-мартта жабырлануучу тосмо арыз жазганы белгилүү болгон.

Абиров өзү Фейсбук баракчасына катасын мойнуна алып, бул үчүн жоопкерчиликти алууга даяр экенин жазды. Ал эми 27-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин атына мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16547