Токмокто сексуалдык зомбулукка кабылган 16 жаштагы кыздын окуясын министрлик көзөмөлдөйт
RU

Токмокто сексуалдык зомбулукка кабылган 16 жаштагы кыздын окуясын министрлик көзөмөлдөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Токмок шаарында 16 жаштагы кыздын зордукталып, сабалганы боюнча иш Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Териштирүүлөр объективдүү болушу үчүн иш министрликтин тергөө кызматына тапшырылды. Ошондой эле Чүй ОИИББдин кызматкерлеринин жана жетекчилигинин аракеттерин текшерүү боюнча ички иликтөө кызматына буйрук берилди.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Токмокто 16 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иш каралып жатат. Кызды 21 жаштагы И.Ю. аттуу жаран зордуктаганын жабырлануучунун ата-энеси билдиришкен. Алардын айтымында, шектүү кыздын атасын "өлтүрөм" деп коркуткан. Ал ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар экенин, жабырлануучунун ата-энесине милицияны "сатып алганын" айтып коркуткан.

Жабырлануучу тарап кылмышка шектүүнү шаардын мэри Урмат Самаев "калкалап" жатканын билдиришүүдө.

Сексуалдык зомбулукка кабылган 16 жаштагы кыз реанимацияга жаткырылганын "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/7584