10 миң сом пара берүүгө аракет кылган инспектордун кармалышы боюнча ИИМдин маалыматы
RU

10 миң сом пара берүүгө аракет кылган инспектордун кармалышы боюнча ИИМдин маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерине пара берип жаткан жеринен Бишкек шаардык Кайгуул кызмат башкармалыгынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Айтымдарында, 12-апрелде Кайгуул кызмат башкармалыгынын инспектору ага карата териштирүүнүн жыйынтыгын оң жакка чечип берүүсү үчүн акча сунуштоого шектелүүдө.

Ал 10 миң сом берүүгө аракет кылып жатканда кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Кийинчерээк ИИМден бул факты боюнча комментарий беришип, кызматтык текшерүүдө төмөнкүлөр аныкталганын билдиришти.

Кайгуул кызматтын Renault Logan үлгүсүндөгү бузулган унаасына күйүүчү май негизсиз эсептелгени аныкталган. Аталган материалды кароодо Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматынын У.Б. аттуу кызматкери маселени оң жагына чечүү үчүн ИИМдин Ички иликтөө кызматкерлерине 10000 сом өлчөмүндөгү акча каражаттын сунуш кыла баштаган.

Бул факты боюнча "Пара берүү" беренесинде каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чараларын жүргүшүндө 12-апрелде болжол менен саат 15:10 чамасында 10000 сом акча каражатын берип жаткан жерден Милициянын кайгуул кызматынын автотранспорт-чарба бөлүмүнүн инспектору, милициянын ага лейтенанты Б.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/11564