Тогузунчу депутат "бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү" мыйзам долбооруна автор болуудан баш тартты
RU

Тогузунчу депутат "бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү" мыйзам долбооруна автор болуудан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова койгон колун кайра артка чакыртып алды. Бул тууралуу "24.kg" жазып чыкты.

Эл өкүлү журналисттерге документти изилдеп туруп эле кол койгонун мойнуна алды.

"Мындан 4 ай мурун бул мыйзам долбоору сунушталып жатканда мен кол койгом. Анда концепция туура эмес берилиптир. Анан материалдарды толук изилдеп чыккандан кийин колду кайтарып алдым. Мен мындай мыйзамдын биздин өлкөдө кабыл алынышына каршымын. Ал биздин мамлекеттин кызыкчылыгына такыр жооп бербейт", - деди Лурова.

Эске сала кетсек, буга чейин бир катар депутаттар чуулгандуу мыйзам долбоорунун демилгечилери катары чыгуудан баш тартышкан. Документке автор болуудан баш тарткан депутаттар: Таалайбек Масабиров, Таалайбек Сарыбашов, Мейкинбек Абдалиев, Эмил Токтошев, Бактыбек Чойбеков, Эмил Жамгырчиев, Карим Ханжеза жана Шайлообек Атазов. Эми алардын арасына Лейла Лурова кошулду.

Белгилей кесек, алгач аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Надира Нарматова жалгыз болсо, кийин 32 депутат соавтор болуп кошулган.

Бирок 8-июндан тарта бир катар депутаттар долбоордун демилгечиси болуудан баш тартып башташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13105