Мурдагы аялын зордуктаган кишиге пробация берген сот иштен алынмай болду
RU

Мурдагы аялын зордуктаган кишиге пробация берген сот иштен алынмай болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соттор кеңеши мурдагы аялын зордуктаган кишиге пробациялык мөөнөт берген судьяны иштен алуу сунушун канааттандырды.

Буга чейин Жогорку сот Соттордун кеңешине ажырашкан аялынын кулактарын, мурдун кесип салган эркек кишини ага чейин зордуктап кордогону үчүн пробациялык мөөнөт менен бошотуп койгон сотту иштен алуу боюнча сунуш жөнөткөн болчу.

Сотторду тандоо кеңеши бул сунушту канааттандырып, тиешелүү чечим президентке жөнөтүлгөн. Шектүүгө пробациялык мөөнөт берген сот Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токмаматов экени белгилүү болду.

Соттор кеңеши Ош, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынан дагы беш судья боюнча сунуштарды караган. Документтер президенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Эске салсак, 20-сентябрь күнү эркек киши мурдагы аялынын үйүнө кирип барып кулактарын, мурдун кесип салган. Аялга операция жасалып, шектүү камакка алынды. Өткөн жылдын сентябрь айында Асел зордукталганын айтып биринчи жолу арыз жазган. Бирок Сокулук райондук соту жабырлануучунун тосмо арызынан улам ишти токтоткон.

Январда Асел кайрадан зордукталган. Сот анын мурдагы жолдошун күнөөлүү деп таап, бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен эркиндикке чыгарган. Сот айыпталуучунун улгайган энесин жана жабырлануучу экөөнүн ортосундагы эки баланы эске алган. Экинчи инстанция райсоттун чечимин жокко чыгарып, сегиз жылга камакка алды.

Бул боюнча жабырлануучунун эжеси үн катып, бир жыл мурун сот шектүүнү Аселдин көзүнчө сот залынан бошотконуна нааразы болгон эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/14723