Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды
RU

Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө боюнча кыздарды адам папилломавирусуна каршы эмдөө старт алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, эмдөө жатын моюнчасынын рагына кабылуунун жана өлүмдүн алдын алат.

  • Эмдөө 11-14 жаштагы кыздарга жүргүзүлөт.
  • Пландуу эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагына кабылган 600дөн ашуун учурдун жана 300гө жакын өлүмдүн алдын алат.
  • Вакцина 6 айлык интервал менен эки жолу жасалат (эгерде биринчи доза ноябрда берилсе, экинчи доза май айында).
  • Өлкөгө 368 миң доза HPV вакцинасы келди.
  • 2000ден ашык медицина кызматкерлери окутулуп, окуудан өтүштү. 100 миңден ашык маалыматтык материалдар басылып чыкты.
  • Саламаттык сактоо министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен буйругуна ылайык, бүгүнкү күндө калк жана ата-энелер арасында активдүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагы менен ооруйт, анын 300ү өлүмгө алып келет. Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын рак оорусуна чалдыккандардын арасында 2-орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда рактын эң көп тараган түрү болуп саналат.

Маалымат катары:

Жатын моюнчасынын рагы дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жатын моюнчасынын рагы аялдарда тараган рактын төртүнчүсү. 2018-жылы дүйнөдө 560 миңден ашуун аял жатын моюнчасынын рагына кабылып, 300 миңден ашууну оорудан каза болгон. Аялдардын жатын моюнчасынын рак оорусунун негизги себеби - дүйнөдөгү эң кеңири таралган вирустардын бири болгон адамдын папилломавирусу (HPV). Өнөкөт HPV инфекциясы аялдарда жатын моюнчасынын рагынын өнүгүшүнө алып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/9272