"11 млн сом зыян тарттым". "Дордойдогу" соодагер президентке, УКМКнын төрагасына кайрылды
RU

"11 млн сом зыян тарттым". "Дордойдогу" соодагер президентке, УКМКнын төрагасына кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Редакцияга Бишкек шаарынын тургуну Рахат Кандарова кайрылып, укук коргоо кызматкерлерине нааразы болду. Айтымында, 3 жылга жакын убакыттан бери милицияга арыз жазып келет, бирок бир да жолу тергөө иши аягына чыкпай, жабылып калууда.

Мындан улам өлкө жетекчилигине кайрылууга аргасызмын деген шаар тургуну иштин чоо-жайын айтып берди.

"Мен "Дордойдогу" АЗС базарында контейнер иштетчүмүн. Ал жакта уюшкан топ бар, аны Фархад деген киши жана АЗС базарынын күзөт кызматындагы балдар көзөмөлдөчү. Алар 2015-жылдан 2020-жылга чейин алдоо жолу менен менин товарларымды алып кетишкен. Андан тышкары товар алып келип беребиз деп акча да алышкан. Бирок товар алып келип беришкен эмес, акчаны да кайтрышкан эмес. Натыйжада 131 миң 830 доллар материалдык зыян тарттым", - дейт ал.

Рахат Кандарова бул боюнча 2021-жылы укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Бирок иши жылбай, эч кандай чара көрүлбөй жатат дейт.

"3 жылга чукулдап калды, бирок мени алдап кеткендерге карата эч кандай чара көрүлгөн жок. Уюшкан топту билгендер көрсөтмө беришкен, товарларды ташып берген балдар дагы тастыктаган. Ошондой эле мага кол салуу, коркутуу болгон. Ал боюнча да күбөлөр көрсөтмө беришкен. Фархаддын өзүнүн "товарларды алып чыгып кеткенбиз, акчаңарды беребиз, кичине убакыт берип тургула" деп моюндаган аудио жазуулары да бар. Жогоруда белгилеп өткөндөрдүн баарын тергөөгө өткөргөм. Бирок себебин айтпай эле ишти жаап салышат. Тергөөчүлөр көзөмөлдөгү эле иштерди карайт экен. Себеби, тергөөчүгө кирейин деп 2 саат күтүп отурдум, ошондо суракты аябай тыкыр жүргүзүп, башкача мамиле жасашарына күбө болдум. Кезегим келгенде мага "сиздин ишиңизди алгам, бирок машинамда жатат, конторага алып келе элекмин, өзүм чакырам" деп кыска жооп кылып койду тергөөчү", - деп нааразы болду.

Соодагердин айтымында, базардагы башка ишкерлер дагы жогорудагы топтун алдамчылык аракеттеринен жабыркаган. Айрымдары акчасын өндүрүп алышса, айрымдары зыян тарткан.

"Урматтуу, президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, сиздерден бул ишти жеке көзөмөлүңүздөргө алууңуздарды суранам. Бул Фархад деген киши алдамчылык менен алектенет экен. Бир нече жолу сот жообуна да тартылыптыр, органдар деле билет экен. Биздин арыздан кийин ага, ал көзөмөлдөгөн топко дароо чара көрүшсө болмок. Биздин оюбуз боюнча, бул ишти ички иштер органдары өздөрү жашырып келе жатат. Анткени, Фархад башында ИИМде иштей турганын айткан болчу", - деген божомолун айтат Кандарова.

Милициянын комментарийи

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн шаар тургуну Р.К. арыз менен кайрылганын ырасташты.

Р.К. аттуу жарандын арызында 2015-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарындагы "Дордой" базарында Ф. аттуу киши анын ишеничине кирип, товарларын өткөрүп берүүнү убадалап, бирок убадасын аткарбай, алдап кеткени, натыйжада 11 млн 210 миң 517 сомдук материалдык зыян келтиргени көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча 209-берене ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

"Шектүү делген Ф.Я. аттуу жаран Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, суракта болгон. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жазык-процессуалдык кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, тагыраагы, айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу иш токтотулган", - дешти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16823