Көп кабаттуу имараттагы өрттөн кийин "Аалам строй" компаниясынын лицензиясы токтотулду
RU

Көп кабаттуу имараттагы өрттөн кийин "Аалам строй" компаниясынын лицензиясы токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аалам Строй" курулуш компаниясынын лицензиясы көп кабаттуу объектте чыккан өрткө байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 12-августта Анкара көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттөн кийин адистер текшерүү жасаган.

"Лицензиялоо жана мамлекеттик квалификациялык аттестациялоо жаатындагы мыйзам бузууларды кароо комиссиясы "Аалам Строй" ЖЧКсынын лицензиясын убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.

"Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" жобонун 21-беренесинин 4-пунктуна ылайык, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирилсе лицензия токтотулушу мүмкүн.

Комиссия маселени талкуулап, пикир алмашып, бир добуштан "Аалам Строй" ЖЧКсына 2019-жылдын 5-мартында берилген лицензиясын 90 календардык күнгө токтото туруу чечимине келди. Ошондой эле бул чечим тууралуу бардык аймактык бөлүмдөр кабарланат", - деп билдирди Мамкурулуш.

Ошондой эле Бузуулар кодексине ылайык, компанияга 200 миң сом айып салынды.

Эске салсак, 12-августта кечинде Бишкектин Анкара көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттүн аянты 850 чарчы метрди түзүп, өрт өчүрүүчүлөр 1,5 миң чарчы метр аянтты сактап калууга жетишкен. Өрт саат 00:23тө локализацияланып, саат 01:20да толугу менен өчүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16980