Көлдө жаңы салынган туристтик борборлор качан ишке берилет? Транспорт министрлигинин жообу
RU

Көлдө жаңы салынган туристтик борборлор качан ишке берилет? Транспорт министрлигинин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө беш туристтик тейлөө борбору курулуп, ал июнь айында эле колдонууга берилиши керек эле. Бирок азыркыга чейин ачыла элек. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги туристтик борборлордун ачылбай жатканынын себебин Kaktus.kg редакциясына түшүндүрдү.

Мекемеден билдиришкендей, туристтик борборлор Балыкчы шаарында, ошондой эле Бөкөнбаев, Тосор, Теплоключенка жана Түп айылдарында жайгашкан.

Алгач редакция туристтик тейлөө борбору менен таанышуу үчүн Балыкчы шаарына барды. Туристтик борбор шаардын кире беришинде оң тарапта жайгашкан. Жолдо аталган борборго барчу белги көрсөтүлгөн. Бирок имарат курулуп бүткөнү менен ачыла элек. Борбор тууралуу маалымат берчү киши да таба алган жокпуз.

Мындан улам редакция Транспорт жана коммуникациялар министрлигини байланыштык. Аталган министрликтин маалыматтык саясат секторунун башчысы Кылычбек Досумбетов бардык куруу иштери аяктаганын айтып, пайдаланууга берүү үчүн Туризм департаментине өткөргөнүн айтты.

"Туристтик сервистик борборлордун курулуш иштери аяктады. Биз дүйнөлүк каражаттын эсебинен салып бүткөнбүз. Ал жерге барчу туристтерге шарттар түзүлүп жатат. Алар Ысык-Көл облусунда кандай туристтик жайлар бар, картасы, маалыматы болот. Туристтер ал жерден эс алып, телефондорун заряддап да кетсе болот", - деди ал.

Борборлор эс алуучуларга түрдүү кызматтарды сунуштайт, анын ичинде кафелер, дүкөндөр, унаа токтоочу жайлар, фельдшердик-акушердик пункттар жана электрондук шаймандарды кубаттоочу жайлар болору буга чейин айтылган.

Кылычбек Досумбетов Транспорт жана коммуникация министрлиги өз милдетин аяктаганын, эми калган ишти Туризм департаменти аткарарын кошумчалады.

"Азыр биз Туризм департаментине аталган жайларды бергенге даярдап жатабыз. Ал жерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен иш алып барылат. Азырынча канча киши иштейт, так милдеттери кандай экенин айтууга эрте. Жалпысынан жакынкы арада борборлор расмий ачылат деп күтүп жатабыз", - деди ал.

Редакция Туризм департаментине байланышып, борборлор качан расмий ачылары тууралуу маалымат ала алган жок. Демек, туристтик сервистик борборлор качан ачылары белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16625