2024-жылы үйдү жасалгалоо үчүн адаттан тыш жана тренд болуп жаткан 10 буюм
RU

2024-жылы үйдү жасалгалоо үчүн адаттан тыш жана тренд болуп жаткан 10 буюм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мода индустриясында боло жүргөндөй эле үйдү жасалгалоонун да өз тренддери бар. Бүгүнкү күндө декорду тандоодо ар бир элемент экологияга зыян келтирбей, ошол эле маалда инновацияларга да жооп бергидей болгонуна чоң көңүл бурулуп жатат. Ретро жана "мелүүн байгерлик" стилдери мурдагыдай эле актуалдуу, бул стилдерди интерьер дизайнерлери өз долбоорлорунда жигердүү колдонуп келатышат. Үйүңүздөн сөзсүз өз ордун таба турган адаттан тыш буюмдарды сиз үчүн чогултуп чыктык.

Бул сезондо буга чейинкидей эле минимализм жана табигыйлык модада. Экөөнүн айкалышы экологияга зыян келтирбей жасалган буюмдарды колдонуу трендине шайкеш келип, табигый материалдарды сунуштайт. Мындай интерьерде жапанди жана бохо стилиндеги декор, ошондой эле тирүү өсүмдүктөр сонун көрүнөт.

2024-жылдын негизги түсү – шабдалы түстүү Peach Fuzz. Бул түс кийимде да, үйдү жасалгалоодо да абдан көп колдонулуп жатат. Мындан тышкары, үйдүн жасалгасы үчүн жумшак жана жылуу кошумча түстөрдүн айкалышы, айрыкча бал, шоколад, чопо айкалышкан түстөр актуалдуу бойдон калууда. Өзгөчө баса белгилегиңиз келсе, бөлмөгө түс кошо турган каныккан жашыл жана көк түстөр ашык болбойт.

Үйдүн көрүнүшүн өзгөртүү үчүн башынан аягына чейин ремонт жасап чыгуунун кажети жок. Бир нече жаңы өңүттөрдү кошконуңуз эле жетиштүү болот. Убакытты жана бюджетти үнөмдөп, өзүңүзгө керектүү нерселердин бардыгын маркетплейстерден табууга болот. Ozon"догу адаттан тыш декор буюмдарын чогултуп чыктык.

  • Арчадан жасалган панно. Толтура варианттар бар: ашканада тагынчу фартуктан баштап, жаныбардын же куштун сүрөтүнө чейин жасаса болот, жада калса араланган жыгачтын ортосуна күзгү орнотуп койсо да жарашат. Жыгач лакталган эмес жана аба табы көтөрүлгөндө эфир майларын жана фитонциддерди бөлүп чыгарат. Жыпар жытын эми айтпай эле коёлу!
  • Канаттар кошулган шамчырак уктоочу бөлмөгө, коноктор үчүн бөлмөгө же өспүрүмдүн бөлмөсүнө көрк кошот. Фотосессияда кызыктуу фон болуп бере алат же жөн гана көңүл ачуу үчүн колдонсо болот.
  • Сенсордук таштанды челеги – дат баспас болоттон жасалган жарашыктуу аппарат. Кыймылды көзөмөлдөгөн сенсор менен жабдылган жана ушунун эсебинен мүмкүн болушунча тазалыкты камсыз кылат.
  • Жыгачтан жасалган дубал панелдери. Азыр үстү тегиз болбогон, кармаганда жагымдуу материалдар мода болуп жатат, дал ошондуктан бөлмөнү жасалгалоодо мындай панелдер көп колдонулат. Бул панелдер менен уктоочу бөлмөнүн дубалын, же телевизордун алдындагы зонаны, ичимдиктер коюлган текчени же кире бериш бөлмөнү кооздоп койсо болот – мунун баары өзүңүздүн фантазияңызга жараша болот.
  • Лофт стилиндеги үстөлдөр. Алар заманбап интерьерде сонун көрүнөт жана бөлмөнүн көркүн чыгаруу үчүн колдонсо болот. Азыр консолдорго өзгөчө көңүл бурулуп жатат – бул чакан батирге да туура келе турган чоң функционалдуулугу бар декоративдик элемент.
  • Ар кандай формадагы гипстен жасалган шам кармагычтар. Алар, мисалы, Вавилон мунарасы же беш кабаттуу үй, адамдын колу, жаныбарлардын изи же өсүмдүктөр түрүндө болушу мүмкүн. Минимализм стилин толуктап, бөлмөнү өзгөчө жайлуу кылат.
  • "Мираж" күзгүсү. Булут формасындагы күзгү ар кандай интерьерге туура келип, бөлмөнү визуалдык жактан кенен кылып көрсөтүүгө жардам берет. Дубалга илип койсо да болот, комодго же шкафка киргизсе да жакшы көрүнөт.
  • Турукташтырылган мохтон жасалган панно. Мындай буюм батирде жандуу жаратылыштын элесин берип турат. Панно мохтун, тропикалык өсүмдүктөрдүн жана бутактардын ар кандай түрлөрү менен айкалышып турат. Өндүрүүчү мохтор бери дегенде 10 жыл бою жумшак бойдон кала берээрин ырастайт.
  • Металлдан жасалган ваза. Бүгүнкү күндө ар кандай металлдар модада болуп жатат. Жемиш салчу идиш, ичке таякчалардан жасалган гүл вазасы, кургатылган гүлдөр үчүн чакан, бирок жаркырап турган идиш – варианттар толтура.
  • "Давиддин бюсту" аттуу китептер үчүн текче. Жумуш ордуңуздун жанындагы текчени өзгөчө кылган кызыктуу элемент.

Ozon`до үй текстилдерин, эмеректерди, ар кандай декор буюмдарын жана каалаган табитке туура келген керектүү буюмдарды таба аласыз. Аянтчада тематикалык тандалмалар жана сатылган товарлардын баракчалары дайыма жаңыланып турат. Үйдүн көркүн чыгарып, трендде болуу үчүн Ozon"го баш багып туруңуз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16628