Оштогу сел. 19 жана 10 жаштагы кыздардын сөөгү коңшу өлкөдөн табылды
RU

Оштогу сел. 19 жана 10 жаштагы кыздардын сөөгү коңшу өлкөдөн табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто сел суулары агызып, дайынсыз болуп изделип жаткан жарандардын сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул туурасында ӨКМнын маалыматында айтылат.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Хожоабад РИИБдин нөөмөтчүсүнүн маалыматына ылайык, 15-июлда саат 14:30да Андижан шаарынын Шахронсой сайынан эки кыздын жансыз табылган.Суудан 2005-жылы туулган Н.М. жана 2014-жылы туулган Н.М. аттуу кыздардын сөөгү чыгарылып, милиция кызматкерлери тарабынан Андижан шаарынын өлүкжайына жеткирилген.

Белгилесек, 14-июлда сел суулары 5 адамды агызып, ошол эле күнү кечинде 6 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Кырсыктан 9 адам жабыркап облустук ооруканага кайрылышкан.

15-июль күнү саат 11:30да Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан 44 жаштагы аялдын сөөгү табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16656